БөЛөКЧө
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Башкача, айрыкча. Көкөтөйдүн Бокмурун, Бөлөкчө болчу санаасы («Манас»). Бейили катуу адамдай, Бөлөкчө өскөн башкадан (Маликов). 2. Мыкты, артыкча, өзгөчө. Айдаркан уулу эр Көкчө Айбаты журттан бөлөкчө («Манас»). Акылың артык бөлөкчө, Терең элең, Жаныбек (Барпы). Достум, сенин ар кыялың санасам, Бөтөнчө турат сөзүңдө, Бөлөкчө чатак өзүңдө («Сейтек»). || Айрыкча мыкты, өзгөчө сонун, артык. Айдаркан уулу эр Көкчө Айбаты журттан бөлөкчө («Манас»).