БөЛөК
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Бөтөн, жат, өз эмес. Мен мусапыр жетимди Жалдыратпа бөлөккө (Токтогул). Бир туугандай көрчү элем, Билинди сенин бөлөгүң (Токтогул). || өзүнчө, айрым, бөлүнгөн, башка. Түтүнү бөлөктүн түйшүгү бөлөк (макал). Бөлөк жакка кайрылба, Айткан жерден айрылба («Манас»). 2. Бөлүк-бөлүк, салаа-салаа, бири-биринен ажыраган, башка-башка. Жылгасы салаа-салаа, бөлөк-бөлөк (үсөнбаев). Бөдөнөдөй кайран көз, Бөлөк-бөлөк жаш кетти («Манас»). Бутундагы кепич, маасы тамтыксыз Кеткен эчак, бөлөк-бөлөк сөгүлүп (Токомбаев). 3. өзгөчө, айрыкча, башкача. Чөлгө туулуп, ташка өскөн, Айбандан бөлөк, башка өскөн («Манас»). Кыяздын кирпиги бөлөк, көзү чок, Артынганы батман ок («Сейтек»). Жылкыдан бөлөк ал экен, Канаты бар мал экен («Эр Табылды»). 4. Чыгыш жөндөмөдөгү атоочторду жандап, кыймыл-аракеттин «башкача», «өзгөчө», «айрыкча» деген түшүнүгүн билдирет. Акылын айтып койчу эмес. Ал кезде менден бөлөккө («Курманбек»).