БөЛүК
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Бүтүндүн өз ара бөлүнгөн айрым бөлүндүсү. Бир алманы экиге бөлүп, бир бөлүгүн мага берип, бир бөлүгүн өзү жеди. || Машинанын ж. б. айрым тетиктери же айрым тетиктерден турган жабдуулары. Машинанын запастык бөлүктөрү. 2. Айрым аскер топтору, өзүнчө бир бирдикти түзгөн аскер күчтөрү. Омор танк бөлүгүнүн командиринин маңдайында анын салмак менен айткан сөзүн угуп турду (Бөкөнбаев). Барыпсың башка бөлүккө, Баатыр өскөн жаш арстан (Үмөталиев). 3. Чыгарманын композициялык жактан ажыратылып турган айрым үзүндүсү.