БүТ II
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Баштаган ишти аягына жеткире иштөө, аягына чейин иштөө, аяктоо. Жер казуу жумушун үч-төрт күндө бүтөбүз (Убукеев). Чогулуштун акыры демилгелүү сөздөр менен бүттү (Убукеев). 2. Пайда болуу, жаралуу. Асман менен жериңдин Ширөөсүнөн бүткөндөй («Манас»). Адамча сүйлөп турду эми Чалкуйрукка тил бүтүп («Эр Төштүк»). 3. Айыгуу, калыбына келүү. Кылыч жарасы бүтөт, тил жарасы бүтпөйт (макал). 4. Түгөнүү, жок болуу. Кымызды бүтөт деп ойлобогула (Сыдыкбеков). 5. Жылчык, көзөнөк ж. б. бүтөлүп калуу Ийненин көзү бүтүп, учук өткүс болуп калыптыр («Ала-Тоо»). || Тамагы буулуп, үнү чыкпоо. үнүм бүтүп жатат. 6. Айласы, амалы кетүү, жадоо. Бүттүм. Мен буга айтып отуруп бүттүм. өзүбүз да жүдөп бүттүк (Шүкүрбеков).