Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
БУУнун БАШКЫ АССАМБЛЕЯСЫ – БУУнун башкы органдарынын бири. Ал мүчө болгон мамлекеттерден туруп, БУУ Уставы боюнча баардыгы бирдей укукка ээ. Ал кеңири укуктарга ээ. БУУ Уставына ылайык, ал баардык маселени же ишти, анын ичинде БУУнун башка баардык органдарына ишмилдеттери менен ыйгарым укуктарына тийешелүү маселелерди, алтургай, 12-статьяда каралгандардан сырткары, ушу сыяктуу баардык маселелер же иштер боюнча БУУ мүчөлөрү жана/же БУУнун Коопсуздук кеңешине кеңеш берүү менен, аны талкуулай алат (10-ст.). Эларалык тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо, анын ичинде куралсыздандыруу жана куралданууну жөнгө салуу, ал маселелер боюнча өзүнүн кеңешин берүү ишчараларынын жалпы принциптерин кароо ыйгарым укугуна ээ. Каалаган мамлекет же Коопсуздук Кеңеши алдыга койгон эларалык тынчтыкты жана коргоого тийешелүү баардык маселелерди талкуулап чыгып, ал маселелер боюнча кызыкдар мамлекеттер менен Коопсуздук Кеңешине кеңеш берүүгө да акылуу. Коопсуздук Кеңешинин кепилдик сунушу боюнча БУУнун Башкы катчысы шайланат. БУУга жаңы мүчөлөр кабыл алынат, мүчө мамлекеттердин аргандай укуктары менен артыкчылыктары токтотулат.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
БУУнун БАШКЫ АССАМБЛЕЯСЫНЫН КОМИТЕТТЕРИ – өзүнүн иш-милдеттерин аткаруу үчүн уюштурулган БУУнун Башкы Ассамблеясынын жардамчы органдары. Ассамблеянын арбир сессиясында 7 башкы комитет түзүлөт, Башкы комитетти (курамында Ассамблеянын төрагасы, төраганын 21 орун басары жана башка комитеттердин 7 төрагасы болгон), ошондой эле Ыйгарым укуктарды текшерүү боюнча комитетти (курамында 9 мүчөсү болгон) шайлайт. Башкы Ассамблеянын сессиялык органдарынан сырткары БУУнун убактылуу жана туруктуу негиздеги атайын комитеттери уюштурулат (Индия океаны боюнча атайын комитет, Космос мейкиндиктерин тынчтык максаттарда пайдалануу боюнча комитет, Тынчтыкты сактоо максатындагы аткарымдар боюнча атайын комитет, Конференциялар боюнча комитет ж. б.).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
БУУнун БАШКЫ АССАМБЛЕЯСЫНЫН ЧЕЧИМДЕРИ – БУУнун актылары; жазуу жүзүндө кабыл алынат, сунуштама гана күчүндө болсо дагы эларалык укуктун принциптерин жана ченемдерин калыптандырууга жана чыңдоого жардам берет. Ушуну менен бирге эле БУУнун Башкы Ассамблеясы БУУнун мүчөсү болгон мамлекеттер үчүн милдеттүү болуп саналган чечимдерди (токтомдорду) да кабыл алат. Аларга БУУнун ички турмушуна (бюджетти жана жолжобо эрежелерин бекитүү, чыгымдарды бөлүштүрүү ж. б.) тийиштүү чечимдер кирет.