Буунун азык-түлүк жана айылчарба уюму (фао
Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)БУУнун АЗЫК-ТҮЛҮК ЖАНА АЙЫЛЧАРБА УЮМУ (ФАО ) – айылчарбасын, токой чарбасын, балыкчылыкты өнүктүрүү максатын көздөгөн эларалык уюм. Ал БУУнун адистештирилген мекемеси болуп саналат. 1945-жылдын 15-октябрында негизделген. Техникалык жана азык-түлүк жардамдарын жасайт, ошондой эле дүйнөлүк айылчарба тармагын өнүктүрүү маселелери боюнча божомолдор менен каттоо маалыматтарын даярдайт.