Башкаруу тартибине каршы кылмыштар
Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)БАШКАРУУ ТАРТИБИНЕ КАРШЫ КЫЛМЫШТАР – КР кылмыш-жаза мыйзамдарында каралган, мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын талаптагыдай башкаруу иштерине каршы аракеттенүүчү, алардын кадыр-баркын түшүрүүчү, ошондой эле жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын бузуучу кылмыштар. Андайларга: бийлик өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү; мамлекеттик чегарадан мыйзамсыз өтүү; өзүмбилемдик жана башкалар кирет.