Данынан ун тартылып, нан жасалуучу дан өсүмдүгү. Камыш сыяктуу бийик чыккан буудай өсүмдүгү жаңыдан дүмбүл тартып, саргая баштаган (Сыдыкбеков). Жери асыл, ар жыл сайын түшүмдүү жыл, Түз-ою, текши буудай баары бир кыл (Осмонкул). || Ушул өсүмдүктүн даны. Буудайдын барар жери – тегирмен (макал). Ак буудайы жууп койгон күрүчтөй (Маликов).
Ак жуумал, аксаргыл. Көпчүлүккө Момун чал деп таанылган буудай жүздүү чал менен аш бышым убакыттан бери бир өмүрдүн баш аягын иликтейбиз («Ленинчил жаш»). Жээрде мурут, ничке каш, буудай жүздүү ...датка тактысынан түштү (Осмоналиев). В.: Буудай өңдүү. Буудай өңдүү, кер мурут (фольк.).
Акжуумал, аксаргыл, жакшынакай, өңдүү-түстүү, өңү жүкалоо келген. Көпчүлүккө Момун чал деп таанылган буудай жүздүү чал менен аш бышым убакыттан бери бир өмүрдүн башаягын иликтейбиз («Ленинчил жаш»). Жээрде мурут, ничке каш, буудай жүздүү .. датка тактысынан түштү (Осмоналиев).
к.
ТИЛИ БУУДАЙ КУУРУУ
Сүйлөсө жыйналышта буудай кууруп, Эмгекке сугарылган тили балдай! (Турусбеков).