БУУ II
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Кап, баштык сыяктуу идиштердин оозун бүйрө байлоо, куушура байлоо. Чымчып бууган, чаначты кармап, абышка эл ортосунда (Сыдыкбеков). || Капшыра байлоо, орой таңуу. Ак тасма менен оролтуп, Кулакты бекем бууңуз («Эр Төштүк»). Жибек жоолук үлпүнчөк Башын бекем бууду эми («Саринжи-Бөкөй»). 2. Тосуу, өткөрбөй бекитип коюу. Эми алдыбыздан бууган жок, Артыбыздан кууган жок («Мендирман»). Нарынды бууп коюуга кимдин дабаасы жетмек (Сасыкбаев).