БУТУН БУТ, КОЛУН КОЛ КЫЛУУ
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)1. Бөлөк-бөлөк кылып майдалоо, майда бөлүктөргө бөлүү, ажыратуу. Жамгыр козунун колун кол, бутун бут, санын сан кылып бүттү (Касымбеков). 2. Катуу жазалоо, тымтыракайын чыгаруу. Эми түшсөңөр соо калбайсыңар! Бутуңарды бут, колуңарды кол кыламын! (Ш. Үмөталиев).