зат. Бутка (кудайдын сүрөтүнө) сыйына турган жай. Кудайым деп кужулдап, Бутканага барыптыр («Манас»). Жүз миң адам чогулуп, Бутканага чокунду («Манас»).
БУТКАНА — будда дининдегилердин ибадатканасы. Б. «Зийа ал-кулуб» деген чыгармада айтылгандай (к. Бут) жаратылыш объектеринде, мисалы, өз алдынча өсүп турган бакка көп сандаган буттар илинсе ошол бак да Б. болот. «Манас» эпосунда да Б. жогоруда айтылган мааниде колдонулат: «Бутканага чокунуп, Булуттай кара ат токунуп,» (Сагымбай Орозбаков, 3. 239).
Буддистердин кудайына – бутка сыйына турган жайы. Кудайым деп куркулдап, Бутканага барыптыр («Манас»). Жүз миң адам чогулуп, Бутканага чокунду («Манас»). Жоокер уйсундардын мырзаларына бажыраңдай сүйлөп, шаардын көрктүү жайларын, бутканаларды, дарбазаларды, чептерди көрсөттү (Субанбеков). к. бутакана.