БУТ I
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Адамдардын, айбандардын, канаттуулардын, ар кандай жан-жаныбарлардын басып жүрүүгө, илгерилеп жылууга, конуп отурууга ылайыкталган мүчөсү. Майчынын аты Мааданбек Сол бутунан сылтыган (Осмонов). Басса-турса малдын буту чөптү тепсей жүрөт (Убукеев). 2. Ар кандай эмеректердин, столдун жана башка нерселердин жерге тийип, таяныч болуп турган атайын бөлүгү. Энекем, ак тактанын буту элең, Ак сарай үйдүн куту элең (Тоголок Молдо).