Толковый словарь кыргызского языка. 2015
өмүрлүү, бактылуу болсун, өмүрү узун болсун, көп жашасын деген сыяктуу алкоо, тилек кылуу маанисинде колдонулат. Ымыркайлары. Эми ушуларынын боосу бек болсун (Бейшеналиев). – О, кудай, Абыловдун боосун бек кыла көр, ошол мен үчүн күйгөн киши... («Ала-Тоо»). Мендиштин боосун бек кыл деп, Думана болуп калчу элем («Мендирман»).