БООРУН ТЫРМОО
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Ыкшып, аябай күлүү, эрип калуу, күлкүсүн токтото албай ыкшып калуу. Жаш мугалим кыз аябай күлкүчү эле, боорун тырмап эрип калды (Борбуев). Кээ бирөө боорун тырмап өбөктөйт (Осмоналиев). В.: Боорун тытуу. Баланын шыбыраганы угулуп, отургандар боорлорун тытышып кыраан каткы (Казакбаев) Кээсине кадимкидей жашылданып, кээсине боорубузду тытып калчубуз («Кыргызстан маданияты»). Арунга жага бербей калды көрүнөт, ыкшып боорун тытып калды (Бердикеев). Боорун тырмап күлүү. «Телибай тентек» казалына баары боорун тырмап күлбөспү (Бейшеналиев). Качыке боорун тырмап күлдү (Абдукаимов). Ичин тырмап күлүү. Балдар ичин тырмап күлүп жатышкан эле (Абдукаимов). Боорун эзүү. Кээде чукугандай сөз тапканын кантесиң түгөттүн. Бооруңду эзет (Абакиров).