Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Өлөр-тирилерине карабай аябай сабоо, абдан кыйноо, катуу тепкилөө. Боорун сыртына салып тепкилесе, айтпаганын көрөйүн, иттин гана баласы -деп жасоол камчысын бүктөй кармаган калыбында каны ичине тартып аркы-терки басып турду (Бейшеналиев). Кара мүртөс эри зайыбын күндө боорун сыртына салып тепкилеп жатса да: «Ой колуңду тарт..» деген бири жок (Сыдыкбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Аёо дегенди билбөө, боору оорубоо. Боорун сыртына салып тепкилесе, айтпаганын көрөйүн, иттин гана баласы, – деп жасоол камчысын бүктөй кармаган калыбында каны ичине тартып, аркы-терки басып турду (Бейшеналиев). Кара мүртөз эри зайыбын күндө боорун сыртына салып тепкилеп жатса да: «Ой колуңду тарт..» деген бири жок (Сыдыкбеков).