БООРУ АЧУУ
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Жан тартуу, абдан аёо, зээни кейүү. Булар да менчилеп турмуштун каабын тарткан тура, – деп ага боору ачыды (Ашымбаев). Байкемдин эки көзү жок экендигине боору ачып, кейийт го (Жусупов). Эмнеликтен экенин билбейм, ушундай учурда таятама боорум ачып, тим эле ыйлагым келет дейсиң (Айтматов). В.: Боору ачышуу. Келиндин абалына боору ачышып, өзү да кемшиңдеп ыйлап, бир кемпир бетине суу чачты (Касымбеков). Жаш уланга боорум ачышып, түпсүз терең ойго батып, жер тиктеп былк этпестен тура берген экенмин (Баялинов). Боору ачынуу. Ага боору ачынган жумушчулар, курбу-курдаштары менен акылдашып көрдү (Баялинов). Алардын боору ачынды.