Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Жакынсынуу, ие тартуу, өзүнө жакын саноо, жакындоо. Ал жигит балыкчыларга боор тарткансып, жылуу жүз көрсөтүп турар эле (Укаев). Дүйнөдө жетимге да боор тарткан асыл адамдар бар экен да (Бейшеналиев). Ысак, сен өз кишибизсиң, букарадан чыккансың. Ошондуктан сага боор тартып келип отурбайбызбы .. (Абдукаримов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Жакынсынуу, ие тартуу, өзүнө жакын саноо, жакындоо. Ал жигит балыкчыларга боор тарткансып, жылуу жүз көрсөтүп турар эле (Укаев). Дүйнөдө жетимге да боор тарткан асыл адамдар бар экен да (Бейшеналиев). Ысак, сен өз кишибизсиң, букарадан чыккансың. Ошондуктан сага боор тартып келип отурбайбызбы... (Абдукаримов). Өзүңдүн жалгыз туягың, Боз ала болуп калат деп, Боор тартып турамын (Эр Табылды»).