БООР ООРУСА, БООРГО ТЕБүү
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Жакшылык жасайын десе түшүнбөйт, жакындатпайт, жолотпойт, кайра жаманчылык издейт деген мааниде колдонулат. Мен сиңдимди таңмак белем, боор ооруса боорго тебет (Тойбаев). Мунун боору ооруса, боорго тепкенин көрдүңбү? («Ала-Тоо»). Боор ооруганды боорго тепкени кандай? Ченден чыккандык эмеспи (Ш. Үмөталиев). В.: Боорго тебүү. Кайра боорго тээп атпайбы (Медетов). Кечээки жырткыч ийри тумшуктун жеми, бүгүн өзүн куш сезип, мени боорго тепти ээ (Бейшеналиев).