Энциклопедия "Манас". ч.1.
БООКЕ — кырк чоронун бири. Теги кытай, Алоокенин уулу. Манас Алоокени жеңгенден кийин анын көзгө атар мерген уулу Б-ни өзүнө чоро кылып алат (Сагымбай Орозбаков, 2. 196—197). Каныкейге күйөөлөп баргандагы ат чаап жар тандоодо күлүгү он алтынчы келген Б. тагдырына буюрган Тизеканга үйлөнөт (Сагымбай Орозбаков, 2. 424).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
БООКЕ, Беке — эпизоддук кейипкер, Атайдын уулу. Жакыптын Манаска ылайык кыз издегенде кошо жүргөн жолдошу (Сагымбай Орозбаков, 2. 349, 373).