БОЛОРУ БОЛУП, БОЁСУ КАНУУ
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Иш бүтүп калды, болушунча болду, башкача өзгөртүүгө мүмкүн эмес, башка айла жок деген мааниде. Болору болуп, боесу канган соң, Сүйгөн кур алаканын жаныды (Бейшеналиев). Тезекбайым, болору болуп, боесу канды. Колдон келер чара жок (Бейшеналиев). В.: Болору болуу. Ашырбай болору болду деп отурду (Үмөталиев). – Мына, болору болду. Эми атама ачык сүйлөшөлү (Каимов).