БИТИ-БИТИНЕ БАТПОО
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Бир нерсеге өтө кубануу, сүйүнүү. Уулунун аскерден келатканын угуп, эне байкуш бити-битине батпайт («Ала-Тоо»). Накта Айдана экенине көзүм жеткенде бити-битиме батпай, өзүмдү коёрго жер таппай, жадырап турам («Ала-Тоо»). Сүйлөшкөн сөздөрүбүздүн баарын ичимден кайталап, бити-битиме батпай, көз алдыма келтирем («Ала-Тоо»). Уулунун окууга өткөнүн угуп, Сагын карыя бити-битине батпай сүйүндү («Ленинчил жаш»).