Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. Шамдын, лампанып күйүүчү майга (керосинге) малынган жана кичинекей жалын чыгарып, үйгө жарык бере турган лентасы, эшилген кебези. [Камка] лампанын билигин көтөрө түшүп койду да, жоокерге утурулап басты (Сыдыкбеков). Шамдын билигин оңдоп коюп, Айнысахун катка үңүлдү (Жантөшев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бир учу майга же керосинге матырылып, экинчи учу күйүп жарык берүүчү шамдын эшилген кебези же чырактын тасмасы. Майга көлбүгөн кебез билик түндө жоодурап күйүп турат («Жаш ленинчи»). Айдай чыракка май толтуруп, шишесин тазалап, билигине от койду (Каимов).