БЕТИНИН ЧүКөСү ЧЫГУУ
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Жаагы шимилип, абдан арыктаган, шапайган көрүнүштө болуу. Жаагы шимилип, бетинин чүкөсү чыгып, өңү шапайды (Өмүрбаев). – Чөп-чар жеп жүрүп, бетиңдин чүкөсү чыгып, чегирткедей кылжыйып бүтүпсүң, – деди ал мени адатынча каруумду бекем кармап (Жусупов). В.: Бетинин сөөгү чыгуу. Бает акем баягыдай эмес, жаагы шимилип, бетинин сөөгү чыгып турат (Өмүрбаев).