БЕТИНЕ ЧЫГУУ
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Эч тартынбай, тайманбай тике айтуу, бети ачылып тең тайлашуу, тең ата болуу. Экинчиден өз душманы Орозбайдын бетине чыгып ага карата наалатын эл алдында айтмак (Өгөбаев). Андай экен күндө алкылдап бетиңерге чыгып турса эмне кылмак элеңер? (Өгөбаев). Кечээги ата-бабабыздын кол астындагы букараңдын кайсынысы бетине чыга алчу эле (Укаев).