Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Айыбы, кылган кылмышы ашкереленип элге дайын болуу, билинүү. Борборубузда «Кыял» бирикмесинде текшерүүнүн жүрүшүндө бети ачылган орчундуу кемчиликтердин өзөгү эмнеде болгон? («Советтик Кыргызстан») Кийин бети ачылганда кайдан алдың эле? - деп сурашса, «Кудаларга деп Алма-Атадан алып келгем» - деп жооп берет («Ленинчил жаш»). Кийинки мезгилде .. бир катар наркомандардын кылмыш бети ачылды («Советтик Кыргызстан»). 2. Эч нерседен тартынбай, уялбай, тике, таамай сүйлөй турган болуу, ошондой абалга жетүү. Турсун.. топто сүйлөп бети ачылганы, кандайдыр көңүлүн сергилеңдетип, башкача, пайдалуу адамга айланып бараткансыды (Бейшеналиев). Мурунчарак Бермет уялган болуп жүрдү, кийин кызара түшмөйүн таштап бети ачылып кетти («Ала-Тоо»). Бети ачылып аздыр-көптүр чогулган топту самап, чакырык күткөнүчү (Бейшеналиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Айыбы, кылган кылмышы ашкереленип, элге дайын болуу, билинүү. «Кыял» бирикмесиндеги текшерүүнүн жүрүшүндө бети ачылган орчундуу кемчиликтердин өзөгү эмнеде болгон? («Советтик Кыргызстан») Кийин бети ачылганда кайдан алдың эле? – деп сурашса, «Кудаларга деп Алма-Атадан алып келгем», – деп жооп берет («Ленинчил жаш»). Кийинки мезгилде ...бир катар наркомандардын кылмыш бети ачылды («Советтик Кыргызстан»). 2. Эч нерседен тартынбай, уялбай, тике, таамай сүйлөй турган болуу, ошондой абалга жетүү. Турсун топто сүйлөп бети ачылганы, кандайдыр көңүлүн сергилеңдетип, башкача, пайдалуу адамга айланып бараткансыды (Бейшеналиев). Мурунчараак Бермет уялган болуп жүрдү, кийин кызара түшмөйүн таштап, бети ачылып кетти («Ала-Тоо»). Бети ачылып, аздыр-көптүр чогулган топту самап, чакырык күткөнүчү (Бейшеналиев).