Энциклопедия "Манас". ч.1.
БАЯНДЫ (моңголчо баян — бай, байлык) — топоним. Араниктеги согушта Манас менен Кеселиктин колу беттешкен талаа (Курама варианты, 1. 115). Эпос боюнча бул жердин орду — Каңгай Моңголиянын ортолук бөлүгү. Сагымбай Орозбаковдун вариантында Манастын сөөгү Б. талаасына коюлат (Сагымбай Орозбаков, 4. 353).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
БАЯНДЫ-СУУ — топоним. Чоң казаттын башталышында кыргыздар тийген жылкысынын артынан кууп келаткан Коңурбайды Сыргак сайган жер (Сагымбай Орозбаков, 4. 297).