Киргизско-русский словарь Юдахина
ир.
1. подстилка на седло;
2. всякая подстилка из дорогой материи;
төшөнгөнү баяндос его постелью была дорогая подстилка;
жекендос жерден алдырып, баяндос мамык салдырып фольк. он приказал убрать узенькую подстилку и постлать дорогую пуховую.

Энциклопедия "Манас". ч.1.
БАЯНДОС — эпосто башы балык, аягы адам түспөлүндөгү элдин аталышы. Көкөтөйдүн ашына чакырылган көп элдин бири катары эскерилет: «Аягы адамдай бөлүнгөн, Башы балык көрүнгөн Баяндос деген бири бар» (Сагымбай Орозбаков, 3. 15). «Манас» эпосунун айрым вариантында Б. этноним эмес, адамдын аты катары да айтылат. Анда Б. терс каармандардын бири, качыр минген калмак баатыры болуп берилет.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Ээрдин үстүнө салына турган кичине төшөк – көрпөчө. 2. Олтуруу үчүн алдыга салынуучу төшөк. Адатта, кымбат материалдардан, кооздолуп жасалат. Баяндос мамык салдырып («Манас» С. О.). Кара көрпө көлдөлөң, Баяндоз кабат бүктөгөн, келип конуп болушту («Эл адабияты»).