Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кыйын-кыстоо ишке дуушар болуу, мусапырлык башына келүү, айласы кетип, кыйналган абалда болуу. Башыбызга булут айланып, жүлүнүбүз үзүлүп, жүрөгүбүз жараланып турат (Ш. Үмөталиев). В.: Башына булут ойноо. Нөкөндүн ыйманы учуп, башына булут ойноп кеткендей болду (Ш. үмөталиев). Башына кара булут айлануу. Кеткениң байкалып, башыңа кара булут айлана баштаган чакта аны таламандын тал түшүндө сыйпаласаң таппайсың... (Касымбеков).