Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бүт мүмкүнчүлүгүн жумшоо, бардык күчү менен катуу аракеттенүү, өлүп-тирилип иштөө. Кимдин кабыргасын кайыштырган кандай кайгысы бар экенин билсең, сүйлөшө алсаң, эл башы менен жер казса да бүтүрүп берет (Абдукаимов). Ансыз деле эчтемесин аябаган немелер дагы эле аябайт, башы менен жер казса да берет («Кыргызстан маданияты»). Башым менен жер казсам, Бай карабайт убалга (Осмонкул). В.: Төбөсү менен жер казуу. Төбөм менен жер казсам да жакшылыкты билбедиң («Чалкан»).