БАШЫ БүТүН, БООРУ ЭСЕН
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Убайымсыз, кайгысыз, эч кемтиги жок, телегейи тегиз. Тирүүчүлүктө башы бүтүн, боору эсен киши аз, кулундарым, чынарым куласа, чырпыгым бар, – деп Музооке баба «Муңдуу күүсүн» зыңылдата күнгүрөндү (Бейшеналиев). В.: Боору бүтүн, башы эсен. Бул күндөрдө боору бүтүн, башы эсен ток пейил адамдардын башына да ой түшкөн (Каимов). Боору бүтүн. Э, кызым, азыр кайда барсаң Мамайдын көрү. Боору бүтүн киши калбайт окшойт (Абдукаимов).