башта этишинин аркылуу мамилеси.
понуд. от башта- II;
Бокмурун көчтү жөнөттү, Каркырага баштатып фольк. Бокмурун отправил кочёвку (см. көч I) в сторону Каркары;
жол баштат- заставить кого-л. идти впереди и указывать путь; дать или взять кого-л. в качестве проводника;
желге жол баштатып кетти он ушёл, сделав предводителем ветер, он пошёл рыскать по белу свету.
башта II этишинин аркылуу мамилеси. Бокмурун көчтү жөнөттү, Каркырага баштатып («Манас»).
баштатадан, баштатан
с самого начала, издавна, раньше;
баштатан билгемин я с самого начала знал, я давно знал.
баштатан менен бирдей. Баштатадан тааныш эмес болсок да, Санаабызда дайым бирге окшодук (Маликов).
такт. Мурдатан, илгертен. Баштатан колдонуп келе жаткан курал.
Мурдатан, башынан бери, мурунтан. Баштатан кошулууну ойлосом да, Көз көрүп, жүрөк дартын айта албадым (Бөкөнбаев). Баян кылбай баштатан Байкабастан тим жүрөм («Эр Табылды»).