басаңда Толковый словарь кыргызского языка (1969) этиш. Азаюу, басылгансып калуу. Түнү катуулап, күндүзү басаңдап шыбыргактаткан ак жаан төртүнчү суткада араң басылды (Бейшеналиев).
басаңда- Киргизско-русский словарь Юдахина то же, что басанчала-;элдин уу-дуусу бир аз басаңдайын деди (людской) гвалт стал понемногу утихать.
БАСАңДА Толковый словарь кыргызского языка. 2015 Акырындоо, басаюу, басаңча тартуу. Чырак бирде басаңдай түшүп, бирде өтө эле жарык болуп кетет (Абдукаримов). Күндүзү басаңдап шыбыргактаткан ак жаан төртүнчү суткада араң басылды (Бейшеналиев).
БАСАңДАТ Толковый словарь кыргызского языка. 2015 басаңда этишинин аркылуу мамилеси. Камалбек үнүн басаңдатып, бирок каарын сөзүнө чыгарып сүйлөдү (Жантөшев).