пас I менен бирдей. Элүүгө жашың чыкканда, Эгизден баска түшкөнүң (Тоголок Молдо). Бас чыккан сенин коңур үнүң угулду («Ала-Тоо»).
1. Эркектин коңур чыккан жоон үнү. Ушундай үнү бар ырчы. 2. Жоон үн чыгаруучу кылдуу же үйлөмө музыкалык аспап.
тең келүү, барабар келүү, теңдеш болуу. Барган менен абаке, Бас келе албас биздин шай («Манас»). Баралына келгенде Бас келе албайт эч балбаң («Курманбек»).
1. Бут шилтөө, адымдоо, арыштоо. Токто, али тилиң чыксын, бутуң бассын (Маликов). Ой, Метрей чоң сакал, бассаңчы тез! (Сыдыкбеков). 2. Каптоо, жайылып тароо. Түн ортосунда тоо арасын булут басып, бир аздан кийин кар жаады (Убукеев). || Үстүн жаап алуу. Сары талааны кар басты, Бош жүргөн малдын карды ачты (Оомонкул). || Калың чыгуу, көп болуп таралуу, капталуу. Түн... Ай жарык, Кең Таластын Токой баскан талаасы (Маликов). Көйкөлгөн нурлар кубулжуп, Көк бетин жылдыз басканда (Маликов). 3. Кол салуу же башка максаттарда дал үстүнөн чыгуу, камындырбай, мурдатан билгизбей, капысынан үстүнөн түшүү, баруу. Бейкут жаткан көп элди Бир түнү келип басканы (Жантөшев). Капарсыз жаткан ордону, Коңурбай басып калганбы («Семетей»). 4. Ныгыруу, үстүнөн ныктоо. Тез суу кагаз басып сыяны ичирди (Сыдыкбеков). Комузду баскан сол колу Талыбаган Токтогул (Барпы). Ныктай кысуу, ныктай коюу, таптай ныгыруу. Ал оор улутунуп, күнгө күйгөн колун көөдөнүнө басат (Бектенов). Тамга, из, так түшүрүү максатында бир нерсенин бетине беттештире ныктай кысуу. Мөөр басуу. Штамп басуу Тамга басуу. Басма продукцияларын чыгаруу. Китеп басып чыгаруу. 5. Тебелөө, тепсөө. Беш-алты бала келиңер, Белимди басып бериңер («Манас»). Чыга калып чыныларды чачат, Жаздыктын үстүнөн басат (Шүкүрбеков). Тебелетүү, тепсетүү, же машина аркылуу иштетүү жолу менен эгиндин кызылын бөлүп алуу. Колхоздо күз жылда келчү бир майрам, Буудай оргон, кырман баскан кең сарай (Осмонкул). Көк куштай болуп калкылдап Комбайн басат эгинди (Маликов). 6. Токтотуу. Токто, бас үнүңдү (Турусбеков). Ызакул колун көтөрүп, дуу-дууну басты (Бейшеналиев). Тынып калуу. Ойдогу тилек туш болуп Эми бастым санаамды («Курманбек»). Кандыруу. Моокум бастым, көрүп тууган элимди (Токомбаев). 7. Үстөм болуу, басымдуулук кылуу. Чаргын бек-бек унчукту эле, коңгуроолуу бийик үнү башкаларды басып кетти (Сыдыкбеков). 8. өт. Кабылуу, туш келүү, толуу, өкүм сүрүү, чөмүлүү. Энени кубаныч сезим турду басып (Маликов). Камыгып, кайгы басып убайым жеп, Ким тартты кара күндү сенден артык (Элебаев). Олтурду эчен түркүн кыял басып (Маликов). 9. Катуу чабуу же кандайдыр бир башка кескин аракет жасоо. Алоолонтуп аттарын Камчы басып жулкунтуп («Курманбек»). Мылтыгын көпкө шыкаалады да, баң дедире басып калды. 10. Балапан чыгаруу аракетинде болуу Жумуртка басуу. Уя басып уктаган Канаттуунун баары учту (Бөкөнбаев). Бүркүттөй уясында бала баскан (Үмөталиев). 11. баса формасында такт. м. Айрыкча, бөтөнчө. Жакшы жактары болсо баса белгилешмек («Ленинчил жаш»). || Көбүрөөк, оодугураак. Чайды баса куюу. Дүкөндүн алдына суу баса себилгендиктен чаңдабайт (Абдукаримов).