Дептердин, китептин ж. б. бөлөк-бөлөк тилкеси. Китепти ортолоп келгенде баракты ачып алса, Динардын көзүнө бир сүрөт укмуштуу болуп көрүндү (Сыдыкбеков).
Убактылуу жашай туруу үчүн жеңил-желпи салынган үй. Барактын сууктугу эшиктикинен кем эмес (Сасыкбаев). Барактардын ар бир бөлмөсүндө элүү-алтымыштан киши жатат (Абдукаримов).