1. Бир нерсенин болушу, жок эместиги. Эркектен менден кичүү иним бар (Сыдыкбеков). Барга мактанба, жокко шашпа (макал). 2. өт. Бай, жетиштүү, оокаттуу. өлүм бардын малын чачат (макал).
Бардык, бүткүл. Байкап турса Ала-Тоо, Бар илбесин чубаган («Эр Табылды»). Баарланып көз кайкыттың мелтиреп, Бар жагыңды кандай акын келтирет (Маликов).
1. Жөнөө, кетүү, жүрүү, бир жакты карай багыт алуу. Кош, Жеңиштай, аман барып, аман кел, Тааныш болсун талабыңа далай жер (Осмонов). Капчыгайды шаңга салган Эр паровоз бараткан (Бөкөнбаев). Айтпады бир жол дебесин, Алдыңа өзүм барайын («Манас»). 2. Белгилүү бир куракка, жаш чегине жетүү, толуу. Эл көзүнө жеңилттиң, Элүү бешке барган жаш (Токтогул). Жашың сегизден жаңы ашты. Сексен жашка бараткан менден көптү биле баштадың (Сыдыкбеков). 3. Терс формада: барба. Батынбоо, киришпөө. Калганы деле жетишет, Эми уурулукка барбагын (Шүкүрбеков). 4. Көмөкчү этиштин милдетин аткарат. Куруган картаң кемпир-чал, Кучактап барып жыгылды (үсөнбаев). Кудайназар абаңдан, Акыл чыкпай баратат («Эр Табылды»).
Келгендер туруп ичип, жешке ылайыкталган кичирээк ресторан, закусочная.