БАКИ I Толковый словарь кыргызского языка. 2015 диал. Маки. Шамбет мүйүз саптуу бакисин чыгарып, муздай мисирейген теректин боорун оймологон (Сыдыкбеков). Чөнтөгүнөн алган бакиси менен арканды бырчылдатып кесип жиберди (Жантөшев).
БАКИ II Толковый словарь кыргызского языка. 2015 диал. Баары, бардык, бардыгы, бүт, бүткүл. Эмки кыздардын бакисинин эле башы ачык го (Касымбеков). Айчүрөктүн бейжайлыгы кармаса, Баки журтка чуу баштайт («Сейтек»).