БАКА МАҢДАБАЙ, ЖЫЛАН ЖЫТТАБАЙ КАЛУУ
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Эч ким кирбей, эч бир жан каттабай, барбай калуу, жымжырт болуп бош калуу, ээн калуу. Биринчи күнү эки саат күтсөк да, дарбазаны бирөө ачмак тургай бака маңдап, жылан жыттаган жок (Саатов).