баамдуу Толковый словарь кыргызского языка (1969) сын. Байкагыч, баамдагыч. Атай комузду күүлөй баштаганда эле Оторбай анын колунун эптүүлүгүн баамдуу көзү менен карады (Каимов).
БААМДУУ Толковый словарь кыргызского языка. 2015 1. Байкагыч, сезгич, баамдагыч. Атай комузду күүлөй баштаганда эле, Оторбай анын колунун эптүүлүгүн баамдуу көзү менен карады (Каимов). 2. Жүйөлүү, баалуу, маанилүү. Баамдуу сөз. Баамдуу пикир.