Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
БААЛОО – алдыга коюлган максатка, баалоо жол-жоболоруна, баалоочунун адептик талаптарын ылайык мүлктүн баасын бычуу. Аткаруу өндүрүшү боюнча, карызкордун мүлкүн баалоо сот аткаруучусу тарабынан аткарылып жаткан күндөгү базар баасынын куну боюнча бааланат. Эгер кандайдыр бир буюмдун баасын бычуу кыйынчылык туудурса же төлөмөр же аласа адам сот аткаруучусунун баа бычуусуна каршылыгын бирдирсе, сот аткаруучусу атайын адисти же экспертти тартуу аркылуу баалоо жүргүзөт.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
БААЛОО ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ – баалоо ишмердүүлүгүнүн субъекттери тарабынан жүргүзүлүп, эгер КР мыйзамдарында андан башкача каралбаса, каралып жаткан объекттерди базар баасы же дагы башка нарк менен баасын бычууга багытталган иш, ошондой эле инвестициялык долбоорлордун баасын аныктоо багытындагы иштер.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
БААЛОО УЮМУ – белгиленген тартипте каттоодон өтүп, карамагында белгиленген тартиптеги атайын сынактан өткөн 1 баалоочудан кем эмес кызматкери бар юридикалык жак. Ошол эле учурда, баалоочу сыяктуу эле баалоо уюму да бычылган баанын аныктыгы менен негиздүүлүгүнө толук жоопкерчилик тартат.