Аймактык талаштар
Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)АЙМАКТЫК ТАЛАШТАР – мамлекеттердин ортосундагы белгилүү аймактын юридикалык таандыктыгы боюнча эларалык талаш. Тараптардын демаркациялык пикир келишпестиктери, ошондой эле бир тараптуу аймактык дооматтар А. т. болуп эсептелбейт.