Адам укуктарынын конституциялык кепилдиктери
Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)АДАМ УКУКТАРЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК КЕПИЛДИКТЕРИ – заманбап демократиялык мамлекеттерде конституция менен аныкталган: а) адамдын негизги материалдык укуктарын жана эркиндиктерин коргоо каражаты катары кызмат кылуучу процесстик укуктар; б) укук коргоо институттары жана алардын иштеринин негизги принциптери; в) адам укуктарын жана эркиндиктерин мүмкүн болгон чектөөнүн чектерин жана шарттарын аныктоочу өзгөчө эрежелер.