Бирөөнү же бир нерсени аяган, жаны ачыган сезим. – Менде эмне кеп? – деп энем бир түрдүү аяныч көз караш менен мен жакка карады (Жантөшев). Аяныч үндөн жаңырып кулак, Толгоно Дилбар жыгылды кулап (Абдыраманов).
Аяй турган, жанды кейитме, адамдын боору ооругудай. Акунжандын кебетеси кыздын көзүнө аянычтуу көрүндү (Байтемиров). Карыпка кандайдыр эң элe аянычтуу сезим пайда болду (Абдукаримов).