АШЫК II
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Белгилүү ченден, өлчөмдөн көп, артык, арбын. Төлдөтүп ашык чарбасын Төшүнө жылдыз тагынган (Осмонкул). Планын ашык толтуруп, Путтап шекер, кант алган (Нуркамал). 2. Чектен, нормадан чыгып кеткен, ашкерелиги бар. Болуптур, ашык сөзүм болсо кечирип кой (Сасыкбаев). 3. Артыкчылыгы бар, өйдө, жогору, мыкты. Сенин элден ашык болуп кеткен эчтемеңди көрө албадым («Чалкан»).