этиш. Айкындоо, ачып көрсөтүү, бетин ачуу. Кийиминин өтө жупунулугу турмушунун начар экендигин ашкерелеп турат (Жантөшев). Большевиктер эсерлердин кылмыштарын ашкереледи (Сасыкбаев).
Чыныгы жүзүн көрсөтүү, бетин ачуу, ашкере кылуу, бети жоктугун көрсөтүү. Калык кээ бир ырларында эзүүчүлөрдүн зулумдугун катуу ашкерелейт («Ала-Тоо»). Айрым чиновниктердин туура эмес иштерин мезгил ашкерелейт («Эл сөзү»).