Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Жабык эмес, жабылбаган, бекитилбеген. Кызыл үйдүн эшиги ачык экен (Сыдыкбеков). Ороонун оозу ачык бойдон калган («Ала-Тоо»). 2. Айланасы тосулбаган, ээн, бош. Биздин эл көчүп келип, кыштоодон алыскы ачыктарга коно башташты (Жантөшев). Боз тикендүү ачык талаа (Турусбеков). Ат баккандар аттарын короодогу ачык жерге чыгарыптыр (Убукеев). 3. Тартынбаган шар, уялчаак эмес, оюн жашырбай шар айткан. Ачык жигит. Түшүнбөйм мен силерге эмки балдар, Кандайдыр бир башкача ачыксыңар (Осмонов). 4. Жаан-чачыны жок, бүркөк эмес. Күн ачык, булут жок. Асман мелтиреп тунук (Бейшеналиев). 5. Даана, айкын, каргылданбаган (үнгө карата), күңүрт эмес (өңгө, түскө карата). Коңгуроодой ачык үнүн чыгарып, бирдемелерди айтып жатат (Сыдыкбеков). Ачык кызыл боёк менен боёлгонсуп, талаа кызгалдакка көрктөнөт(«Ала-Тоо»). Ачык көк сырдын өңүндөй («Чалкан»). 6. Жашыруун эмес, элдин, көпчүлүктүн алдында, көрүнөө. Ачык добуш берүү. Ачык кат. Ачык сүйлөшүү. Ачык иштөө. Эркин эч кандай чектөөсү жок, башкалар да катыша берүүгө боло турган. Жамааттык ачык чогулуш. Ачык сабак.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Курсагы ачуу, тамак-аштан кемчил болуу, кыйноо тартуу. Арык элек – семирдик, Ачыккан элек – тоюндук («Манас»). Ким билет ачыгып жортуулдап жүргөн бир жырткыч чыгар, кол салышы мүмкүн (Баялинов). Келген аялда ачыккан адамдын түсү бар (Элебаев).