АЧ II
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Жабык нерсени ачык абалга келтирүү. Барпы сандыгын ачып, алтын сөйкө, шакек алып чыкты (Байтемиров). Таңга жакын Акбар эшигин ачып, «ата» – деди (Убукеев). О Батыш! Окуп бер деп ушул катты, Карматты бир конвертти айрып ачып (Маликов). 2. Оролгон, бүктөлгөн, катталган нерсени жазуу, жайып коюу. Ар күнү газетанын ачып бетин, Карасам улам жаңы келет сезим (Нуркамал). Ача салсаң дептерин: Жалаң «4», «5» жаркырайт (Осмонов). Байчечекей гүл ачты («Ала-Тоо»). 3. Башта белгисиз, эч ким билбеген нерсени табуу, белгилүү кылуу. Ала-Тоонун кендерин ачышты. Азыркы илим атом энергиясынын сырын ачты. 4. Кандайдыр бир мекемени, ишкананы ж. б. түзүү, жаратуу. Мектеп ачты. Жаңы уюм ачты. 5. Баштоо, ачык деп жарыялоо. Мектептин директору педсоветти ачып жатып отургандарды кыдырата бир карап койду (Мавлянов). 6. Жайдары абалга келүү, кайгы-капасыз болуу, көңүл жазуу. Кайсы күндө жаркырап Кабагымды ачамын? (Токтогул). Ошого сөөлөттүүлөр борсулдашып Күлүшүп күүлдөшүп көңүл ачат (Маликов).