Ой-боюна койбоо, жабышып, суранып артынан калбоо, асыла берүү. Келин ач кенедей асылып жатып Күлүканга катты алдырган болчу («Ала-Тоо»).
Ой-боюна койбоо, жабышып, суранып артынан калбоо, асыла берүү. Келин ач кенедей асылып жатып Күлүканга катты алдырган болчу («Ала-Тоо»). В.: Ач кенедей жабышуу. Качууга аракет кылсам дагы, ач кенедей жабышып тургандардан көз жазгыра албадым (Жантөшев). Акидей асылуу. Жакшылап үйрөнөм деп акидей асылганынан огу жок мылтыгымды да бергем (Тойбаев). Дем алыш күнү келген Үпөл акидей асылып жатып Калыйманы конокко чакырып кетет (Бердикеев). Көрөөр замат акидей асылдым: – Мырзаке, эптеп кызымдын тушоосун кесип бербесең болбойт («Ала-Тоо»). Ач кенедей жармашуу. Ач кенедей жармашып, Жадаттыңар айылды (Токтогул). Ач күсөндөй асылуу. Ошону алып бер деп, ач күсөндөй асылды. Чап кенедей жармашуу. Ага чап кенедей жармашты.