Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Мылтык, замбирек ж. б. куралдан ок, снаряд чыгаруу. Мылтык ат. Ок ат. Замбирек ат. Жогоркудай куралдардан ок чыгаруу аркылуу өлтүрүү же жарадар кылуу. Мен жер үстүндөгү жез тумшуктардын баарын атып жок кылсам деп самачумун (Сыдыкбеков). Барпы эки-үч күндүн биринде эле мылтык алып тоого барат, же аткан эчтемеси жок (Байтемиров). – Бали, береги дөбөттү өпкөгө аткан экен (Жантөшев). Жан көрбөгөн аңдарды Атпай турган жер бекен («Эр Төштүк»). 2. Бир нерсени карай ыргыт, ур; таамайлап шилте. Чүкө ат. Ордо ат. Алымкул атып урган таш Тагайдын кулак түбүнө тийип, эси оой түштү (Абдукаримов). 3. Күч менен атырылып чыгуу, жулкунуп чыгуу, оргуштап көтөрүлүү. Каадасынча атып чыгып ителги, Кылчайганча таң каларлык иш болду (Токомбаев), Астынан атып булак ыргып чыккан (Бөкөнбаев). 4. Зат атооч сөздөр менен айкалышып, кыймыл-аракеттин болуу абалын көрсөткөн жардамчы этиш катары колдонулат. Таң атты. Тоңкочук атты. Чимирик атты. Аңкилдек атты. Бышкырык атты. Кошкурук атты.