АПАЙ I Толковый словарь кыргызского языка. 2015 Айдөөш, жантайыш, жантайма. Төштөгү апай беттин баары кайрак (Таштемиров). Апай бетте чуркап, Динар далайга гүл терди (Сыдыкбеков).
АПАЙ II Толковый словарь кыргызского языка. 2015 «Апа» деген мааниде өзүнөн улуу, апасы курактуу аялдарга кайрылуу формасы. Машина да жолдон чыкчу беле, апай! Муку башкарып бараткан шофер эмеспи, көрбөйсүзбү? – деди Акия (Сыдыкбеков).