Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Иран тилинде моруд сөзү эле «алмурут» маанисин берет. Ушуга караганда анын алдындагы ал бөлүгү арабча ал деген артикль дешке болот. Арабча ал артикли сөзгө жаңы маани кошпойт, анын зат атооч сөз экенин гана көрсөтөт.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Чоң, сүйрү мөмөлүү дарак. Алмурут деп бир жемиш Жаңы чыкты ушулар (Тоголок Молдо). 2. Ушул дарактын мөмөсү. Павильондордо алма, алча, коон, дарбыз алмурут, жүзүм сыяктуу дүйүм жемиштер турат (Байтемиров).